арыз
- Бирөөнүн туура эмес иштери, адилетсиздиги ж.б. жөнүндө айтып кайрылган дат, даттаныш.
- Мекеменин, уюмдун жетекчисине кандайдыр бир маселенин аткарылышын, чечилишин сурап кайрылган кат жүзүндөгү өтүнүч.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Жай келген кишиң мен элем, / Арыз айтып келе жатыптыр, / Жанымдакы Аккубак.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Азыраак убак Торгойго, / Алты жылдан ашыптыр, / Айагы барып токтобой, / Ар санаага батыптыр, / Аңгычакты Медеркан, / Арыз айтмак болуп Каңгайга, / Аркасын карай тартыптыр.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Чаптырган Кыргыз жаталбай, / Дарты ичине баталбай, / Же айкөл Манас баатырга, / Арызын жетип айта албай, / Жолду койду бекитип, / Жоопсуз киши басалбай.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Мени менен курбалдаш, / Сыр жашырбай жүрчү эле, / Этегиңе эрмешип, / Кошулса Тапак биздерге, / Куткарбаска арыз айтып, / Тапан хан качат ал түндө.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
Үпүп ар күнү арызданып келген канаттуулардын арыз-датын угуп, аларга калыс туруп, эч кимисине жаман айтпай, көңүлдөрүн калтырбайт.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →