аршын
- Түрк элдеринде байыртан келе жаткан узундук чен бирдиги. XVI кылымдан тартып Россияга да тараган. Аршын азыркы 71,12 см туура келет.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Найзасын алып имерип, / Бурут, алың канча, деп, / Бактыбайга жиберип, / Бактыбай андан калабы, / Башын тартып ийменип, / Сексен аршын найзасы, / Бактыбай кайра какканда, / Сынып кетти канчасы, / Асманда учат зырылдап, / Сынган найза барчасы, / Күүлөп алып бу Салбыр, / Сыныгы менен чапканы, / …
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Кырк аршын казган ору бар, / Алып барып салганы, / Жаңы хан калды ордунда, / Таласка бачым жетем, деп, / Шер Кенен түштү жолуна, / Келе берсин Кененим, / Дабытай менен жарышып, / Мен да бирге келемин.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Үңкүр кабак, үнү ачуу, / Карыш болот тырмактуу, / Качырганын узатпас, / Сегиз аршын буту бар, / Куйругунда куту бар, / Саңоорлору сары алтын, / Канаты күмүш ак туйгун, / Таштак бутак конушун, / Талпынды көккө карата.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Он эки аршын болуптур.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Пил көтөрбөй жөө экен, / Мал миништи билбеген, / Заманында дөө экен, / Сегиз аршын бойу бар, / Орто-карта тоо экен, / Алды-аркасын караса, / Жалама жалтыр зоо экен, / Чынардай бойу сүлкүлдөк, / Токтоно албай кара жер, / Жарылчудай дүңкүлдөп, …
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →