арча
- Жайы-кышы көгөрүп туруучу, ийне жалбырактуу, көп жылдык жыттуу дарак.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Өрдөктөй мойну узарып, / Өткүр миз найза карманып, / Өрттөгөн арча беттенип, / Төбө чачы тиктенип, / Белин бектеп курчанып, / Теңдиги кетип колунан, / Деги жаман муңканып, / Сом темирин артынып, / Чарайнасын тартынып, / Туулга…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Коктукатка бул Отор, / Бүгүнкү күнү баралбайт, / Талаага байлап арчага, / Чалкадана түшүп саздаңга, / Карды ачып жатканда, / Аңдып барып жакындап, / Аттай чуркап өтсөмбү?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Күнгөйүң четин, табылгы, / Төө куйрук, арча – баарысы, / Аралап чыгып ичиңе, / Аркар оту дарысы, / Кайыңдар көккө керилип, / Мор байлап талың ийилип, / Тескейиңде карагай, / Койкойуп кыздай жарашып, / Бой сунуп кырдан карашып, / Кандай сонун жердир, деп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Салаңдап Чубак караса, / Сайасы баскан көп жерди, / Короо ордундай чоң арча, / Көрүнбөйт кулжа карааны, / Тиктесе Чубак ар канча.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Канчоро жөңөй бергенде, / Арча тору буурулга, / Семетей турбай камчы уруп, / Баатыр Гүлүс көкжалың, / Артынан ээрчип бастырып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →