аруула1
- Тазалап аруу кылуу, жууп тазалоо.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Алты боосу үзүктүн, / Аруулап соккон термеден, / Жазылыгы төш жары, / Тегиричи дейилда, / Кермеден кетпей жергелеп, / Ат котолоп айылда, / Тегеректеп желеге, / Жылкы жуушап калганда, / Туйактанып баса албай, / Жөө киши барбай айылга, / Жойлоп барган ит тийбей, / Төгүп салган майына.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Доораны токсон толуптур, / Жуугандарга тогуздан, / Баарына окшош болуптур, / Ыскат атын токутуп, / Жаназасын окутуп, / Аруулап таза жуудуруп, / Ак кепинге салдырып, / Айак-башын буудуруп, / Жасатын жерге жашырып, / Бүгүн мында түнө деп, / Он кишини жаткырып, / Уктатып койуп Үрбүнү, / Кыркына эли күтүндү.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Аруулап жакшы кийгизип, / Ат которуп мингизип, / Алып барып балдарды, / Жаңжүндөргө тийгизип, / Бул жумушту кылганда, / Кытайды эки бөлөбүз, / Келбей койсо кырк жаңжүн, / Коңурбай калча, Нескара, / Мурадил, Уушаң булардын, / Кыйындыгын көрөбүз.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Көөнүн көрүп жарымын, / Көзүнөн аккан жамгырын, / Баары ыйлап тура албай, / Аруулап аппак жуудуруп, / Ак кепинге буудуруп, / Балта менен көр казып, / Алып барып койушту.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Аруулап жолун чалайын, / Адырда жүргөн эл болсо, / Айттырып сөзгө канайын.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →