артылуу

китептерде 4 жолу, 3 китепте
  1. Бир нерсенин үстүнө коюлуу; колду ашыра таштап жөлөнүү.
  2. Өлчөмүнөн ашып кеткен.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Ажыкең койуп жетиптир, / Арстандын аткан ок / Барча буудан дегендин, / Мойнунан үзүп кетиптир, / Пул артылуу, Жолой жок, / Эңкейе түшүп Ажыкең, / Куржунду алып артынды, / Барча буудан дегенди, / Куйругунан кармады, / Үзөңгү боого салганы, / Көк жалыңдын алдына, / Сүйр… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Манаттан кылган көрпөчө, / Кош басмайыл тартылуу, / Ат жабдыгы баатырдын, / Ай-ааламдан артылуу. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Чарайна белде тартылуу, / Ийинде туулга артылуу. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
/ Туулга башта чатылуу, / Чарайна белде тартылуу, / Калканы жондо артылуу. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →