артыкча
- Эң эле мыкты, өзгөчө, бөтөнчө.
- Айрыкча, асыресе.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Айкөл Манас өткөлү, / Эр Семетей, Сейтек, / Зор Кененим, Сейитим, / Асылбача артыкча, / Канатууга кактырбай, / Тумшуктууга чокутпай, / Азуулууга каптырбай.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Айкөл Манас баатырың, / Аккула оозун бурады, / Айал кылып турбады, / Артыкча эрен туулган, / Алп Коңурбай калча да, / Алып найза булгады.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Арким алдайт турбайбы, / Акылдан азган карыны, / Артыкча айал айлакер, / Ар качан алдайт баарыны.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Артыкча ичим бек ооруйт, / Гүлчоро башын алганга!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Артыкча кышкысы кыямат.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →