артыктык

китептерде 3 жолу, 3 китепте
  1. Тиешелүү өлчөмдөн көп болгондук, артык баштык, көптүк.
  2. Сапаты жогору болгондук, мыктылык, артыкчылык.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Күлчоро билет бар ишти, / Ошол үчүн Күлчоро, / Чечип сага кийгизди, / Артыктыгын көйнөктүн, / Абыдан угуп билдиңби? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Сапардын тоосун айланып, / Чочколордун күчүгүн, / Жүрүптүрсүң байланып, - / Анда туруп мен айттым: / — Абайлап сүйлө, — деп айттым, / Жашаган кыйла жашыңда, / Сакалдуу ушул башыңда, / Каапыр, каапыр дей бербе, / Калжырап бокту жей бербе, / Мусулмандын капырдан, / Артыктыгын билгизип, / Анан мени жемеле! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Өткүр Бакай абакем, / Өзү карып чалыкпас, / Акылы айнып талыкпас, / Артык мүнөз жан экен, / Чогултуп айтса тыйанак, / Артык сыйкыр бар экен, / Артыктыгы бар жандан, / Алдыңкы өткөн адамдан. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →