арттыр6
- өт. Бийиктетүү, жогорулатуу (кишинин зоболосун, беделин, демин).
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…лангын баарың деп, / Таам тартып Калдык хан, / Барып демиң алгын деп, / Өзү жатпай Калдык хан, / Барабанын кактырып, / Сурнайларын тарттырып, / Жоругун журттан арттырып, / Күзөт кылып аскерди, / Өзү айланып бастырып, / Испан менен оогандан, / Качабы деп шек кылып, / Көбүнчөсү Каракөз, / Эл бузат деп кек кылып,
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Кубатайдын тондорун, / Кубат кылып алгын, деп, / Арттырып туруп атына, / Аны кошо айдатты, / Чигитей кыргыз арстаны, / Жоомарттыгын карматты.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Күүгүм кирди бүрүлдөп, / Көрүнбөй көзгө күдүңдөп, / Аттанып баатыр жөнөдү, / Арттырып кийик эттерин, / Мажикти бастыр, жүргүн, деп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Манаттан кылган көрпөчө, / Кош басмайыл тарттырып, / Жоргого кошун арттырып, / Алаштан тандан Семетей, / Он төрт күлүк ат алып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
/ Көгөнүн теңдеп арттырып, / Комдолуу нарча төө менен, / Ээрчитип кулун бээ минген, / Унаасы жок жөө жүргөн, / Тайагы бар жөө менен, / Уй айдамак, кой алмак, / Жөлөнбөй боорго өөн менен…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →