арсылда

китептерде 35 жолу, 7 китепте
  1. Үндү катуу чыгарып, арс-арс этип үрүү, арс-арс этүү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Үзөңгүгө асылып, / Арсылдаган канчасы, / Улуп-уңшуп ажылдап, / Ыжылдаган мынчасы, / Кудай бетин көрсөтпө, / Алты жүз тайган ажылдап, / Бир кишини камаса, / Баатыр минген Майтору, / Жылкыдан… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Кабааган иттей арсылдап, / Азуулары кычырап, / Жулкунуп турат токтобой, / Ооздорунан көбүгү, / Ууртунан агып буртулдап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Бир тактайын басканда, / Атылып мылтык тарсылдап, / Жабылып чыкты жолборс, шер, / Айбаттанып арсылдап, / Анталап Чубак шашылды, / Бура тартып атыны: / — Кытайың менен кургунуң, / Бул эмне шумдугуң?- / Алмамбет анда кеп айтат, / Айтканда Чубак ынантат: / — Көпүрө мурда бар эле, / Мындай иштер жок эле. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Ит болуп үрөт арсылдап, / Каткырып кетет карсыладп, / Оозунан көбүк куйулуп, / Буура болот шалкылдап, / Жүрүп кетет жылаңач, / Эки санын чапкылап, / “Ит абдалдан коркот”, деп, / Кетк… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Тайгандар камап арсылдап, / Эки тайган аргымак, / Бастырбай атты такымдап, / Жара тартып жесек, деп, / Атырылып жакындап, / Ажал ээси тайганга, / Кара кашка ат айтат: / — Андай эмес та… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →