арсыз

китептерде 4 жолу, 3 китепте
  1. Намыссыз, намысы жок, ары жок.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Боз жорго келип жардам бер, / Арсыз айбан дедирбей. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Айтпайт элем айттырдың, / Арсыз калмак, ойлоп бак! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Сени төрөм албай деп, / Сени алып нетет деп, / Не мураска жетет деп, / Алты айчалык Үргөнүчтөн, / Арсыздан бетер түн катып, / Атка минбей жөө басып, / Атаңдай болгон төрөмө, / Эр үчүн келдиң түн катып, / Жети айчалык Үргөнүчтөн, / Желдеттен бетер түн катып, / Энеңдей болгон биздерге. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
/ Жамгырчынын Шаймамбет, / Манжуга барып сатылган, / Ал арсыз пайда табарбы? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →