арстан
- Тыкыр сары жүндүү, эркектеринин тармалданган чоң жалы бар, мышык түркүмүнө кирүүчү ири жырткыч айбан.
- өт. Эр жүрөк, баатыр, каарман.
- Зодиак топ жылдызы.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Көзүнүн агып кандуу жаш, / Өлдүбү, тирүү бар бекен, / Дайынын көрө албады, / Арстаның айбат үн берген, / Абасы кайрат күү берген, / Жаш баатыр карап турабы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Элеп койбойт кененим, / Эчтемеден кайгы жок, / Элинде турган немедей, / Кудай артык жараткан, / Кененимди ченебей, / Арстан тууган каракөк, / Айласы журттан ашкан көп, / Талананын найзасын, / Балта менен какканы, / Балта тийген бул найза, / Асманды карай учканы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
– деп, / Арстаным Көкчө сенби?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Алмамбет, Чубак – эки шер, / Акылман Бакай кеменгер, / Арстандан бери карата, / Айтылып келген кеп эле, / Алмамбет, Манас, Чубактын, / Оорагы окшош тең эле.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Арстан кудукту карап, өзүнүн сөлөкөтүн көрдү да:
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →