арсак
- Туш-тушка арсайып чыгып турган, арсайган.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Алатоо бойлоп көчкөн журт, / Аркайган тоодо өскөн журт, / Кирин карда жууган журт, / Киндигин музда кескен журт, / Заңкайган нечен тоо менен, / Салгылашып келген журт, / Ак элечек арсак тоо, / Жалтырак муз, аппак кар.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
…бар, / Жолум үйдөй башы бар, / Көзү казган ородой, / Жатып копкон жерин көр, / Элүү кой жатчуу короодой, / Кашы менен кирпиги, / Карагайдын чериндей, / Тиштери арсак кырчактай, / Кара бойу мунардай, / Колу- буту чынардай, / Оозу тоонун үңкүрү, / Бул өңдөңгөн адамды, / Мындан мурун ким көрдү, / Касабасы калкылдап, / Кара бой…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
…ле, / Ысыккөл жаккы тарабы, / Жаткан жайык талаа эле, / Жарылып оозу кетет деп, / Көмкөрмө темир кийгизген, / Көтөн ооз келтесин, / Көкчө көз октоп белендеп, / Арсак ташка таш койуп, / Шыйрагын кайрып өткөрүп, / Милтесине от берип, / Ооз отунун дарысын, / Бармак менен талкалап, / Арта салып кобурдан, / Тиктеп жатты чалкалап…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
ыйлап, / Жерге чыккан чөп ыйлап, / Жан-жаныбар макулук / Калбай баары бүт ыйлап, / Кайың терек, тал ыйлап, / Заңгыраган тоо ыйлап, / Асман тиреп бой керген, / Арсак Алатоо ыйлап, / Аккан дайра суу ыйлап, / Чалкып жаткан көл ыйлап, Какшып жаткан чөл ыйлап, / Чалкалап жаткан төр ыйлап, / Мазар булак саз ыйлап, / Чыдап жерге …
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Кайыпчынын тоосу деп, / Үстү арсак аппак тоо, / Этеги кырка кызыл зоо, / Салаңдап келген тумшукта, / Туташкан түздө урчукта, / Керкилеп кертип чапкандай, / Жиптен керип тарткандай, / Зымылдаган зоо эле, / Зоону түптөп келатып, / Жоголуп кетти бир демде.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →