арсай

китептерде 11 жолу, 5 китепте
  1. Арсагай тартып көрүнүү, бир нерсенин учтары сороюп чыгып турган абалы.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Деп ойлонуп Кызылкыз, / Байкап көрсө Майтору, / Басаар шайы калбаптыр, / Капталында тери жок / Кабыргасы көрүнүп, / Аркалары арсайып, / Кабыргасы каркайып, / Териси жок, эти жок. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Асман менен тирешип, / Бойуңду керип заңкайып, / Арактиш болуп арсайып, / Үч күндүк жерден көрүнүп, / Таанымал көзгө даңкайып, / Таластын тоосу дедирип, / Туура болдуң эми, деп, / Тоого айтканы дагы бар, / Орто жериң ор болуп / Эк… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
Андан бери карасам, / Кара тоо турат калкайган, / Жондор-жондор дүңкүйүп, / Кыраандары арсайган, / Ортосу саргыч көрүнгөн, / Тоолору турат жалпайган; / Андан да бери карасам, / Катар-катар тамы бар, / Калың эмес, жок эмес, / Орто-карта багы бар, / Айланды… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Алдында темир үч катар, / Арсайып зымдар тартылган. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
– деп тиштерин арсайтты. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →