арпа

китептерде 42 жолу, 8 китепте
  1. Кылкандуу дан өсүмдүгүнүн бир түрү.
  2. Ушул өсүмдүктүн даны.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Ага киши чаптырып, / Арпанын түзү жайыкка, / Беш күндө тайар болсун деп, / Абдан мыктап айттырып, / Алматыда ак кубак, / Токсондон жашы арткан чак, / Баатыры бар Курмушу, / Буга киши жиберди, / Таласта бар Татыбек, / Башында бар касиет, / Колуң менен жүр деди, / Саны болсун миң деди. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Арпа көмчүү немедей, / Ороо казып көрөсүң, / Жылкы кармап жаткансып, / Боолук салып багасың, / Баарысын кылды Кикимат, / Ойлоп көрчү, Чойун алп, / Кайда кеткен уйатың?! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Канатым сынып бүктөлдүм, / Кара арпадай түктөлдүм. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Арпанын башы жайыктан, / Зуңконун зоосу туйуктан, / Музой Калча алыптыр, / Бүркүт тууган уйадан, / Ак ийин деген балапан. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Арпадан берди түктөйтүп, / Күркүлдөк болуп калат, деп, / Чуркаганда күч келип, / Өпкөсүнө тап кетип, / Күрүчтөн берди жемимди, / Жетилтти антип демимди. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →