армансыз
- Арманы жок, кайгысыз, капасыз.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Эстегени хандары, / Андан кала бергенде, / Беттешсем дейт армансыз, / Бар болсо темир кийгени.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
…болуп жок болду, / Кылычын тартып кынынан, / Тең жарам деп ойлонду, / Кененимди кырынан, / Кененимдин кылычы, / Жүйрүн дөөнүн мурасы, / Кыйын кылыч мына ошо, / Армансыз болсоң калмак деп, / Карап турду Кененим, / Кылычын кындан тартканда, / Жылтылдады калмактын; / Алдында минген тулпары, / Жорголой басып арыштап, / Кылтылдады …
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Канчалык болсо Карманап, / Камынып турсун армансыз, / Катышмак үчүн биз ага, / Айдап жылкы алганбыз, / Карманапты сойбосом, / Канын ичип тойбосом, / Басарга жолум кеңитип, / Көңтөй менен Шооруктун, / — Ал экөөн…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Кара аскерде жазык жок, / Калган журтта азык жок, / Камынып келсин армансыз, / Өлбөс болуп көөнү ток, / Кырк күнү бердим уруксат, / Арманы ичте калбасын, / Тапан хан өзү баш болуп, / Бастырып келбей чойкойуп, / Найзасын бекем кармасын,…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
Мен эми кетсем да армансыз болуп кетейин деген ой менен мындай чыгып, буйдага киргенден кийин Беккулду көздөй салдым.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →