армандуу
- Тилеги орундалбаган, арманы бар, арманы көп, капалуу, кайгылуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Уруксат бер сен мага, / Тамактанып келейин, / Тамактанып келгенде, / Сайдырып койсом мен сага, / Армандуу калдым дебейин.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ “Арамдык жок кыргызга, / Ал кишиде кенедей, / Армандуу өлгөн экен, — деп, / Кайран баашам ченебей!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
– / Агеркеч анда муну айтат, / Армандууну муңайтат:
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Найзасын сайып мылтыгын, / Көгүчкөндөй Кутургур, / Кара дөөнү ыргытып, / Найзанын учу жеткенде, / Чаң чыкпастын үстүнөн, / Калпактай ыргып кеткенде, / Копкунуң, деп коборуп: / — Армандуу болбой атка мин, / Мыкты болсоң эми кир!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Атаңды сенин өлтүрүп, / Кутурган кулу чорого, / Армандуу элиң.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →