арман

китептерде 210 жолу, 10 китепте
  1. Орундалбаган тилек, эңсеген мүдөө, ой-санаа.
  2. Адамдардын тагдыры, кайгы-капасы, орундалбай калган ой-санаасы, өкүнүчү ж.б. жөнүндө ыр түрүндө баяндалган фольклордук адабий жанр.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Ушул бүгүн Бекбача, / Алтымыш бирде мүчөлү, / Агам Асыл өлгөнү, / Отуз алты жыл болду, / Бир күн тыным албады, / Атактуу Манас айкөл шер, / Мен барган жерге барбады, / Тирүүлүктө Бекбача, / Калганы жок арманы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Айткан кепке болбосоң, / Арманың ичте калбасын, / Айанбастан камдангын, / Камың бүтүн болгончо, / Камаарабай мен бармын, / Кагышар болсоң бел байлап, / Аркаңда аскер жардасын, / Ачакан менен Саламат, / Ажырап андан сен калдың. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
…ректи, / Кабылан айтып туруптур: / — Алмамбетке барып кел, / Айтып кебиң салып кел, / Жазган катын караткын, / Жаңылыш болуп калбасын, / Аныгы менен өлсө да, / Арманы калбас Байматтын, / Ал буйрукту алганда, / Шылуун Серек мындайга, / Сайасы салкын тереги, / Ар качандан бир качан, / Кысылса тийет кереги. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Башына арман муң түшүп, / Каптап турган кызыл чок, / Сыйкыр менен көз байлап, / Семетейди көргөзбөй, / Алып кеткен Көкмончок. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Жолдо баратып, Бурмакенин өлө элегинде «атаганат, эч болбосо Көлгө жетип өлсөк арманыбыз болбос эле» дегени оюма түштү. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →