аркыра

китептерде 64 жолу, 10 китепте
  1. Арылдаган, күркүрөгөн үн, добуш чыгаруу.
  2. Катуу агып же согуп туруу, катуу жүрүштө болуу.
  3. Ажылдоо, ар этип беттен алуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Далай катын тул болот, / Нечен жигит кул болот, / Эгин чыкпай аз болот, / Элдин көбү ач болот, / Күлкүдөн ый көп болот, / Күн күркүрөп жаан жаабай, / Аркырап шамал көп болот. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Телкызыл үнүн укканда, / Токтоо кылбай ошондо, / Аркырады Аккула. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Бизди көрүп Куткарбас, / (Отуз бешче киши экен, / Ырас чынын айтканда, / Ал кутурган ит экен.) / Найза кагар, кол балта, / Кармай келди колуна, / Аркыратып тулпарын, / Аралап кирди чогууга. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
деп, / Аргымагы кишинеп, / Жетип келди аркырап, / Эки тайган кыңшылап, / Аргымакты карасаң, / Эриндери шалпылдап, / Сүйлөшүп жаткан шекилдүү, / Асманды-жерди карашат: / “Балапанын учуруп, / Алып кетти канаттуу”. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →
Тоонун аркыраган суугу бир кезде үшүтөйүн деди. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →