аркы-терки
- Өйдө-ылдый, бир багытта эмес, бир беткей эмес.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…пчүлөп, / Топчулугун топчулап, / Жардай сары ат минип, / Канча темир тон кийип, / Калканын тартып калдайтып, / Канча түрдүү жоо курал, / Бутагындай чынардын, / Аркы-терки тартайып, / Жылтырап көзү көрүнөт, / Адамзатпы, айуубу, / Айрып аны жан билбейт, / Кененимди баш кылып, / Карап турган көп элди, / Ал Кесилет көзгө илбейт.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Жыйырма-отуздан кулады, / Чапкан чөптөй жыгылып, / Аркы-терки сулады.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Аркы-терки койушуп, / Акылдашып солушуп, / Оң-тескери турушуп, / Оңой эмес урушуп, / Кууша кетип жандашып, / Этектен түрө кармашып, / Ээрдин тиштер тиши жок, / Эриндерин …
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Була салып булаткан, / Буудайык хандан сураткан, / Алтын менен күмүштү, / Аркы-терки сулаткан.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Бир күнү бала окууга кеткенден кийин, бай акырын басып барып, көлчүктө эмне бар экенин караса, бака аркы-терки сүзүп жүргөн экен.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →