аркар

китептерде 147 жолу, 8 китепте
  1. Чыгырык мүйүздүү, кылчык жүндүү кой тукумуна кирүүчү жапайы тоо айбаны, аң.
  2. Жайылып аркар, кулжасы, Жардашып таштан кетпеген (Үсөнбаев).

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…р экен, / Аппак сүтү, кымыз дары экен, / Жетпесе ажал өлтүрбөс, / Дары чөптөр бар экен, / Улар деген улуу куш, / Ушул жерде көп экен, / Улардын эти медеткер, / Аркардын эти себепкер, / Муунга дары бугу эти, / Кашкулак өтү табылбайт, / Коросон, испан дегенде, / Көк жорунун өзү жок, / Бел ооруга берерге, / Өтүн ичет турбайбы, / … Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ “Ат оттосо жай алган, / Аркардын оту бөксөнүн, / Ат чалдырып чөптөрү, / Аркасын эч бир көрбөдүм, / Айдаркан уулу Көкчөнүн. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Куткарбастан кол сурап, / Бир оокумда сен барсаң, / Кыйамына келтирип, / Кылган ишиң сен айтсаң, / Хан казабы жаман деп, / Уккан элди саргартсаң, / Жаралуу аркар көздөнүп, / Жанаша сага мен бассам, / Куткарбастан ошондо, / Салтың артат, падышам, / Нускалуу сөз байкасаң, / Ушунчалык мен айтам, / Куу булуттай кумпай кыз, … Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Аркар карап, мал карап, / Бир дөбөдө отурсам, / Дүркүрөп чыкты бир топ жан, / Арбын мал бар айдаган. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Сакасы эле чүкөнүн, / Аркар тил эле бүлөөнүн. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →