арканда
- Алыс кете албай, бирок эркин басып оттоо үчүн малды аркан менен байлап коюу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…, / Аркаңан айың айтпаймын, / Бетиңе айтам көзмө-көз, / Үч улук катар турупсуң, / Бир жандан качып уйалбай, / Жалдырап карап турушуң, / Болбогон ушул ишиңер, / Аркаңда колбуп токсон миң, / Айдап жүргөн кишиңер, / Бир кишиден жазганып, / Кайтып келдик дедиңер, / Бул айткан кандай кебиңер?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Айткан кепке болбосоң, / Арманың ичте калбасын, / Айанбастан камдангын, / Камың бүтүн болгончо, / Камаарабай мен бармын, / Кагышар болсоң бел байлап, / Аркаңда аскер жардасын, / Ачакан менен Саламат, / Ажырап андан сен калдың.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
…инен, / Бир табактын ичинен, / Биригип даам ичишти, / Анда Ажыбай муну айтат: / — Хан чакырар ишим бар, / Катуу кыйын жумуш бар, / Барыдан мүшкүл бир иш бар, / Аркандап келген айым бар, / Айтышып койгон жайым бар, / Күрмөшүп келген күнүм бар, / Күүгүм болжор түнүм бар, / Күрмөөсү жиптин чечилер, / Көк жалга барсам кечигип, / К…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
Ал убакта байлар, соодагерлер калааны кан сасытып, бирөөнүн тегин эмгегинен чардап жатканда биз өңдөгөн томаяктар жалгыз эчкини аркандап коюп, көк кылаңгыр сүт ичип отурчубуз.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Жапайы бугуну карматып келип баягы карындашы жаткан көмүркөйдү бугунун эки мүйүзүнүн ортосуна бекем байлап кадайт да, бугуну жибек аркан менен аркандатып коет.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →