аркан
- Кыл аралашкан жүндөн, кендирден ж.б. эшип жасалган узун жип.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
– эки урук, / Манжуу, монгул – төрт урук, / Кара кытай кошулуп, / Маңгыт менен алты урук, / Сегиз эрди качырга, / Эки-экиден теңдешип, / Артып алып баратыр, / Аркан менен белинен, / Тартып алып баратыр.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Кесилет өлүп Дабытай / Жетимиш аркан тор менен, / Байланганда Кененим, / Таманы менен жер баспай, / Таркыла деп бакырып, / Желдеп турган Дабытай, / Кесилет деми суудай сууп, / Кеп айталбай буулугу…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Мунун баарын кылышка, / Алтын, күмүш – зар кетет, / Азар түмөн мал кетет, / Азамат кетет, ат кетет, / Кому менен төө кетет, / Аркан кетет, кап кетет, / Оозубузда айтабыз, / Ушунун баарын ким берет?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Жинисим менин ургаачы, / Аркандай жерде кыйналсаң, / Мен табамын себебин.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
Жапайы бугуну карматып келип баягы карындашы жаткан көмүркөйдү бугунун эки мүйүзүнүн ортосуна бекем байлап кадайт да, бугуну жибек аркан менен аркандатып коет.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →