аркала

китептерде 26 жолу, 7 китепте
  1. Аркага, жонго салып көтөрүү, аркасына жүктөө.
  2. Милдет катары мойнуна алуу, жоопкерчиликти алуу.
  3. Ишеним артуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Аккула үнү чыкканда, / Кулуну калган эмедей, / Аттын бары аркырап, / Айрыкчасы Көктеке, / Күчөп-күчөп даркырап, / Аркалап келе жаткан ат, / Алдына чыкты жалтылдап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
хандын колунан, / Келер айла жок болуп, / Амалы кеткен шум канчык, / Муну ойлойт ичи чок болуп: / “Кара жаным калкалап, / Качып келдим бу жерге, / Тапан ханды аркалап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Кутулуп менден калам деп, / Сейитек ушул аркалап, / Мааналап келген ишиңби? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Антымды эми актадым, / Аркалап жүрүп Семетей, / Сенин эч айыңды таппадым. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
/ Аркалап жетим баланы, / Чыйырды менен Каныкей, / Кара ханга барыптыр, / Темир тоодо жол тосуп, / Олуйа Бакай калыптыр, / Жаткан Бакай тим жатпай, / Сарытазды жиберип, / Каныштан кабар алыптыр, / Эр жетилип Семетей, / Элин колго алыптыр, / Эрегишкен эзелтен, / Абыке, Көбөш, Жакыпты, / Аймап Семей салыптыр. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →