аркай
- Арсак-терсек болуп сороюп чыгып калуу.
- Абдан арык болгондуктан сөөктөрү уркуюп, каржайып чыгып турган абал.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Айкын талаа жери кең, / Ак муздан таажы кийинген, / Атагы чыгып дүйнөгө, / Ашкере дайын билинген, / Аркайган Алатоо калды!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Муруттарын сербейтип, / Эр өлүгү ар тоодой, / Азууларын аркайтып, / Ат өлүгү бир тоодой, / Жарадан каны шыркырап, / Жан талашып буркурап, / Өөдө бол деп жөлөсө, / Көз ачалбай шылкылдап, / Антип жаткан андан көп, / Күндү түнг…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
…ңдотуп төө минген, / Төө минбесе жөө жүргөн, / Терекбай жүргөн жагынан, / Жалындаган от күйгөн, / Алдыңкы ээги шалпайган, / Жонунда өркөч каркайган, / Азуулары аркайган, / Мингени төөнүн чоңу экен, / Төрт айагы тартайган, / Чарадай бар таманы, / Баскан изи талпайган, / Тарбалаңдап жүгүрсө, / Аркасында чаң калган, / Чокмору бар…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Аркайган нечен тоо калды, / Айнектей нечен түз калды, / Аккан адыр суу калды, / Кайкалаган бел калды, / Караңгы токой чер калды, / Адыр-адыр жер калды.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Азууларын аркайтып, / Аргымак жатат ар кайда.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →