аркада

китептерде 39 жолу, 8 китепте
  1. сүр. Таяныч түркүктүү аркалардын катары, колонна же пилондор.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Жетимиш менен сексендин, / Арасында жашыңар, / Аркада элге ээ болуп, / Оорукта хандар, жатыңар. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Тогуз баатыр, Кубатай, / Тобун бузбай аркада, / Кийик уулап, аң уулап, / Келелек жүргөн чагы бар. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Мен-мен деген үч балбан, / Катар учту камгактай, / Коркуп турат коросон, / Кырат экен бизди деп, / Бир кишини куткарбай, / Алоолонуп кеңкула, / Жаңыдан кызып алыптыр, / Жанашып шамал жете албай, / Чаңы аркада калыптыр. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
айалча, / Көнөктөй эмчек балкылдап, / Мас болгон буура сыйагы, / Тамандары тапылдап, / Кудай бетин салбасын, / Айтып бүткүс айбатын, / Чакчалекей будуң-чаң, / Аркада чаңы жөө туман, / Оогандын эли каптады, / Ошону көрүп Алмамбет, / Мына бу болду айтканы: / — Кыргыл баштап онуң кал, / Абакемди сактап ал, / Калган отуз ойулгу… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Канатым бар учармын, / Асман менен сызамын, / Антип кетип калганда, / Эрежесин кыргыздын, / Мен Айчүрөк бузармын, / Улуулар калса аркада, / Учсам Чүрөк алдыда, / Уйатына калармын, / Аркаңдан, балам, салпылдап, / Ээрчип учуп багайын. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →