арип

китептерде 8 жолу, 3 китепте
  1. Тыбыштарды белгилөө үчүн алынган тамга.
  2. Сыйкыр, дуба.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Сулаймат кылып арипти, / Күлүктү салса жеңишке, / Жеңдей жээрде чабабыз. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Кашык каным кечип кой, / Алтымыш айла, кырк арип, / Өнөрүмдү берейин, / Итиң болуп аркаңдан, / Имерилип жүрөйүн, / Кызматыңды кылайын, / Кызыңа нөөкөр болойун, / Өйдөдө жүгүң оңдойун, / Көчкөндө төөңдү комдойун, / Убадамда турбасам, / Уйпаланып өлөйүн! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Тамактын баарын май кылып, / Бакайдын көөнүн жай кылып, / Чайды ичип болгондо, / Бакай майга тойгондо, / Абыке айтты бул сөздү, / Акылдан чыккан куу сөздү: / “Акылман тууган Каныкей, / Алтымыш арып бул билген, / Алты уруу инсан тил билген, / Арибина салгандыр, / Өлдү деген Семетей, / Тирүү келип калгандыр. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
/ Арам гана акмак кул, / Арибин көр, өзүн көр, / Айтып турган сөзүн көр. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
Кээ бир ариптерин ажырата албай, бир сөзгө көпкө токтой берип, сөздүн маанисин кемитип алып «ошол жерин кайра окучу» дегизип отурдум. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →