арзы
- Татуу, татыктуу болуу, тең келүү.
- Канааттануу, ыраазы болуу, алымсынуу.
- Дегдөө, самоо, эңсөө.
- Жакшы көрүп эңсөө, жактыруу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Айтаар арзым түгөндү, / Менден уксаң ушул кеп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ — Шоорук деген хан, — деди, / Хан Каракөз өтүптүр, / Илгерки өткөн убакта, / Азыркы Шоорук ханыбыз, / Хан Каракөз калдыгы, / Ээ боло албай элине, / Бир бөлүмгө арзыбай, / Мунун ичинде бардай ардыгы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Чуркурап ыйлап жабыла, / Чогулушту сай-сайга, / Бут артарга малы жок, / Арзын айтып Таласка, / Кененимге барганга.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Каңгайдан келген калмакты, / Кайт десеңер болбойбу, / Арзың болсо ичиңде, / Айт десеңер болбойбу!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Кулак салып угуп тур, / Өзүңө кылган арзымды.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →