арзандык
- Арзан баалуулук, оңойлук.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Курчунду койбой эркине, / Маңгыт Калдык бурады, / Кара сакал Жанайдын, / Өтпөй калды сурагы, / Арзандык менен ал Жанай, / Кол сунса мойун сунабы, / Кандуу майдан курулуп, / Беттешер болду убагы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Кагазын алып караса: / “Айтумуш, Чынгыш - биз, — деди, / Арзандык менен жөн эле, / Баш бербейбиз биз, — деди.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
…сынады, / Арстандык түрү тарады, / Азаматтарын сынады: / — Жаактууда жанашпас, / Таалайың адам талашпас, / Тыңдуусунуп тиркешип, / Тилдүүдө бирөө тыйа албас, / Арзандык менен бул тонду, / Кыргыздын уулу кийе албас, / Бий болдуңуз, ажым, — деп, / Бийлик тонду алың, — деп, / Кыпкызыл түлкү жакасы, / Кара баркут кыргагы, / Булуңд…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Жашыл жээк экен жериңиз, / Алты түр экен элиңиз, / Арзандык менен сеники, / Ийилбестей белиңиз, / Айла кетип алсырап, / Адашып элден тамтырап, / Алдыңа келип турабыз, / Тилемчидей самтырап, / Сейитиге туйгузбай, / Тапан хандын жанына, / Мен кетейин батыраак.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Арзандык менен адамга, / Арсалаңдап күлбөгөн, / Күлгөнүн киши көрбөгөн, / Күлбөгөн менен Семетей, / Адал пейил, адал сөз, / Шамдай жанган эки көз, / Адамдан нурдуу деп уккан, / Азыркы жүргөн алптардын, / Баарысынан сүрдүү деп, / Карааны көзгө токтомдуу, / Алп мүчөлүү деп уккан.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →