ардактуу
- Ардакка ээ болгон; урматтуу, кадырлуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Кеңкула менен тепсетип, / Агызып кызыл кан кечип, / Араң жетти Кененим, / Ардактуу кызыл тамына, / Тамга жеткен кезекте, / Чындап алды каарына.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ “Жазатайып Бейжинге, / Барып калсаң, Бакай хан, / Кабар кылгын” – дечү эле, / Казакка кабар салабыз, / Калың болуп алабыз, / Кангайга анан барабыз, / Анда Манас муну айтат: / — Ардактуу Бакай жан досум, / Арымың сенин кыскарып, / Арып калган белемсиң?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Мылтыкты кармап имерди, / Арам өлгүр кантет,деп / Ардактуу тулпар Телкүрөң, / Башка чаап жиберди.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Аксакал ата, хан Бакай, / Ардактуу эне Каныкей, / Урматы үчүн кылалы, / Ушул сапар кызматты.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Ал кезде биздин эң ардактуу тамагыбыз — талкан эле.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →