ардакта

китептерде 29 жолу, 8 китепте
  1. Кадырлап сыйлоо, урматтоо, сый, урмат, ардак көрсөтүү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Балталуусун башка уруп, / Балчактай кылып жапшырып, / Ардактаган жандарын, / Азырейил периште, / Жанды ээсине тапшырып, / Калкандуусун капшырып, / Качкандарын салпактап, / Куткарбастан башка атып, / Жамгырдай кылып жаа тарты… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Төбөй деген балбаны, / Калдагай кулак Чойун алп, / Канча жылдан бер жакка, / Ардактаган айбаны, / Бөлүнүп сапта коройуп, / Төбөй чыга калганы, / Жолум үйдөй башы бар, / Жолбун иттей кашы бар, / Ач жолборстун тиши бар, / Анын кыйла иши бар. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
Арстан, Манас, эр Сыргак, / Ардактаган күрөң ат, / Алар калып дөбөдө, / Алмамбет, Чубак - эки шер, / Жүрүп кетти бул экөө, / Алмамбет өзү барында - / Сыйкыр менен салдырган, / Бар эле бир көпүрө. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
Темиркан, / Көз тийет деп кызыма, / Байлап койчу Кыргыйек, / Каныкейдин жанына, / Жандап жүргүн кызыл пил, / Таамай угуп айтып жүр, / Бабасы айкөл Манастын, / Ардактаган кара лөк, / Баштап жүргөн алдында, / Арстан Манас барында, / Агытып жүргөн Кумайык, / Өткөндөрдүн белгиси, / Сейитке келип ылайык, / Оңойбу Манас оорагы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Жумшадың абам ардактап, / Алыскы жолго жөнөйүн. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →