аргыт

китептерде 53 жолу, 6 китепте
  1. сүйл. Атты атырылтып катуу чабуу, катуу жүрүү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Турпандан барган Турумбек, / “Таабалдыны өлтүрсө, / Бизге болду кыйын” — деп, / Жээрде ат менен аргытып, / Артынан чаңын баргытып, / Эки балбан бет келди, / Зоңтары менен Турумбек, / Салышып кирди дүпүлдөп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Аңгычакты болбоду, / Кең кула менен аргытып, / Артынан чаңды баргытып, / Асман көктү каратып, / Атырылтып каргытып, / Аркасында чаң калып, / Көк түбүк найза карманып, / Өңү сары, көзү көк, / Бузулуп жама… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
— деп / Ачууланып калыптыр, / Ашыгып жөнөп алыптыр, / Он алты күндүк арага, / Бетегелүү Койташка, / Белге чыгып карарга, / Барды белем заматта, / Аккуланы аргытып, / Артынан чаңын баргытып, / Айкөлдүн келе жатканын, / Көзкаман менен Көкчөкөз, / Дүрбү салып көрүптүр, / Айланы издеп табууга, / Атайы көңүл бөлүптүр, / Кемпи… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Деп, Күрөңдү аргытып, / Артынан чаңды баргытып, / Эңиш тартып эрениң, / Эликтей колун сайылтып, / Ат куйругун жайылтып, / Тосо чыгып жолборсуң: / — Ким болосуң өзүңөр, / Барасың кайда, жол болсун? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Суркойонду аргытып, / Наманген менен Коконго, / Барайын — деп, — толгонду. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →