аргымак
- Күлүктүгү, чыдамдуулугу, сымбаттуулугу менен айырмаланган таза кандуу асыл тукум жылкы.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Калдаңды Кангай көтөрүп, / Таабалдыны кыргыздар - / Аргымакка өңөрүп, / Алып барып багышты, / Жарага дары чабышты, / Турумбек менен Зоңтары, / Жан айабай салышты.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
…Деги эле жакшы эмес, — деп, / Кулдан он миң десең да, / Каңгайдын эли берет, — деп, / Кыздан кырк миң десең да, / Көп эмес эби келет, — деп, / Тобурчак, чалыш, аргымак – / Жылкынын нечен түрү бар, / Айры өркөч туйук нар – / Төөдөн чыккан пили бар, / Куру эмес келген тартуу мал, / Үстүндө арткан жүгү бар.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
…шүп, / Күн күлгүңдөп боз түшүп, / Жер суйулуп кылгылдап, / Найзанын учу жылтылдап, / Ат куйругу былкылдап, / Жердин бети жыбырап, / Адамдан келет сел каптап, / Аргымак аттар алкылдап, / Азаматтар үстүндө, / Ар кубулуп шалкылдап, / Белинде кылыч, ай балта, / Күн чагылып жалтылдап, / Жондо мылтык жалтылдап, / Доолбас үнү карсыл…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Аттын жайын көргөндө, / Семетей арман кылганы: / «Аргымак жыйдым, ат жыйдым, / Арча тору, сендейди, / Анык тулпар — деп — жыйдым, / Тай буурулча болбодуң.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Кыз аргымакты кое берип, атасына келип:
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →