аргамжы

китептерде 19 жолу, 5 китепте
  1. Бир нерсени байлоо, аркандоо таңуу үчүн колдонулуучу кичирээк аркан, жоон жип.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Аргамжыдай чач экен, / Жолум үйдөй баш экен, / Чачы менен этегин, / Бириктире кармады, / Үзөңгү боого салганы, / Капталда булар кагышып, / Карсылдашып салышып, / Эңишке кирип жарышып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Тапа- так найза беш кулач, / Аргамжыдай өргөн чач, / Бөктөргөн иттей кашы бар, / Жолум үйдөй башы бар, / Көзү казган ородой, / Жатып копкон жерин көр, / Элүү кой жатчуу короодой, / Кашы менен кирпиги… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Аркасында чачтары, / Аргамжыдай чубалат, / Бол жүргүнүң, болгун, деп / Лойалары кубалап, / Арка-алды көрүнбөйт, / Алай-дүлөй жер чаңдап, / Алакандай аз кыргыз, / Келаткан элди көргөндө, / Көптүгүнө таң калат, / Таанылар элге кезегим, / Келген экен эми, деп, / Кыран Чубак шаңданат. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Аргамжы, жибим бүт алды, / Кыштай бүркүт салуучу, / Эки атымды кошо алды. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
/ Колдору менен тырмышып, / Аргамжыга асылды, / Көрүп туруп аргымак, / Санаасы эми басылды. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →