арбын
- Көп, мол; ашыгы менен.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Тартууга берем деп айткан, / Андан калса арбын мал, / Буга жазган кагазды, / Медеркандын наамынан, / Калганда кытай элине, / Тобукенин бегине, / Тобо-томук кат жазды, / Калбай келип берүүгө: / “Батыш менен чыгышта, / Жануптан ооган, коросон, / Бүт чогулуп бириксек, / Теңдешербиз кыргызга.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Акылым айтам баарыңа, / Жашырбаймын дегеле, / Жекелешип урушуп, / Ал келбестей Кененге, / Акылды арбын жыйалы, / Кызык жумуш кылалы, / Эртеңден баштап бөлүнүп, / Үч бөлүнүп чыгалы, / Туш-тушунан кыргызга, / Кылгылыкты кылалы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Ала албайт деп ойлодум, / Ортого арбын мал койдум.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Айчүрөк менен Каныкей, / Ат жетер жерден алдырып, / Элди арбын жыйыптыр, / Жерге төгүп алтынды, / Чөккөн төөдөй кылыптыр, / Ошол кезде Каныкей, / Элге айтып туруптур: / — Тилинен тартып өзөккө, / Ич этине тийбеңер, / Өлүп кетет тийсеңер.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Арбын атсак текени, / Карылардын алдына, / Шыралга — деп — берели!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →