арбы

китептерде 57 жолу, 9 китепте
  1. Баштагысынан көп болуу, көбөйүү, артуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Ошондо баатыр шер Манас, / Ачууланып күүлөндү, / Элүү төрт илек кол айдап, / Бейжинге ырас киргени, / Ошондон чатак арбыды. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
…Кыз торгойдун нуру алып, / Кайратка толду жаш баатыр, / Айлана курчап кол түштү, / Каңгайдан келген беш баатыр, / Күндө кызык урушу, / Бүтпөй күндө күч алып, / Арбып барат жумушу. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Акыл ойлоп арбытып, / Арстан Кенен көөнүндө, / Алдында минген Кеңкула, / Айбан жетпейт так буга, / Коргонду карай жөнөдү, / Камчы берип бууданга. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Кырк жолборс өзү билбейби, / Андан да калган башкасын, - / Атынын оозун бурбады, / Айал кылып турбады, / Арстан Манас арбытып, / Аккула минип албайып, / Ак күбө тону далбайып, / Алдында минген Аккула, / Айбандан башка шаңданып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Аргымагым арка элең, / Минериме ат элең, / Качырышкан душманга, / Басаар жолго жат элең, / Арбытып жолду басарсың, / Мусапыр болдум далай ай, / Муңдуу көңүл ачарсың. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →