арбаңда

китептерде 9 жолу, 5 китепте
  1. Арбаң-арбаң этүү, тарбаңдоо.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Эки буту арбаңдап, / Сегиз башы калжаңдап, / Эки колу тарбаңдап, / Көп башында көп мурун, / Чаначтай көөп барбаңдап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Ак жал сары арбаңдап, / Сүйүн кетти далдаңдап, / Сүйүн кантип айанды, / Тоодой болгон Дабытай, / Май куйрукка бир сайды. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
…Кай кеткени билинбей, / Карап Сейит турганда, / Арбагы колдоп Манастын, / Оңуна кудай салганда, / Чычкан болуп чыртылдап, / Бара жаткан желмогуз, / Аркар болуп арбаңдап, / Адыр жакты бет алып, / Арышын керип дардаңдап, / Аркадан чаңы бурулгуп, / Топурак учуп уйулгуп, / Эңишке кире берерде, / Жейрен болду кубулуп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Найзасын бирөө алганда, / Аны дагы уруптур, / Кый сүбөөдөн жарыптыр, / Экинин жанын алыптыр, / Арбаңдап алтоо копкондо, / Атка чуркап барыптыр. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
денеге, / Саксайганы андан көп, / Кере сакал, аргын жүн, / Бакжайганы андан көп, / Өрттөнгөн токой кептенип, / Какжайганы андан көп, / Адам билгиз арпы көп, / Арбаңдаган алпы көп, / Аттанып чыкты нечен сан, / Айтып болгус салты көп, / Апкаарып койбойт Сомбилек, / Атасын тарткан таш жүрөк, / Коргошун жүрөк жел билек, / Коркпой т… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →