арбап

китептерде 7 жолу, 5 китепте
  1. Башчы, башкаруучу, кожоюн.
  2. Мансаптуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ “Кыргыздын эли канча – деп, / Жыйырмага жашы чыга элек, / Жигит дедиң Асылды, / Мен боломун анча”, деп, / Кыйкырыгы бар эле, / Калдалаң жашы ал кезде, / Отуздан ашкан чагы эле, / Калдык менен тең жүргөн, / Каары мунун бар эле, / Атышып калган душманды, / Арбап көктөн түшүргөн, / Заары мунун бар эле. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Көктөн арбап түшүргөн, / Чынгожо менен Толтойду, / Катар ишин бүтүргөн. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Кайратың артык жан болсоң, / Калк башкарган хан болсоң, / Көктөн арбап түшүргөн, / Ажыдаардай мар болсоң, / Сейитини сен сойсоң, / Түбөлүк күңүң мен болсом. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Амал кылып турушту, / Алты күндөй урушту, / Көктөн арбап түшүрдү, / Душмандын ишин бүтүрдү. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
– Сени аюу-жылан арбап өлтүрүп койгон турбайбы, – деп абышка түшүндүрүп, алтынды алып кемпири менен кетип калат. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →