араң

китептерде 230 жолу, 10 китепте
  1. Зорго дегенде, кыйналып-кысталып, эптеп-септеп жатып.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Бактыбайды мааналап, / Качып жетти Малабек, / Кеп айта албай апкарып, / Араң жетти Малабек: / — Манжу Уутаң Калдыкты, / Алып кетти жүрү, — деп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Талана айтат мамындай: / — Араң келдим жан калбай, / Байлап келмек тургайлык, / Мыдыр этер ал калбай. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
кара нар, / Бири миңге барабар, / Жалаң төөң миң болду, / Жалпыга дайын дүң болду, - / Арак ичкен мас Көкчө, / Акылы кеткен пас Көкчө, / Андан кийин акырды, / Араң турган бектерге, / Айтып кебин жапырды: / — Бергени болсо албайбы, / Мени камап олтурбай, / Белгисиз жолго салбайбы! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Көзү турат жылтырап, / Чыкпаган араң жан калды, / Мөөнөттүү күн бүткөндө, / Кайра айдап алпарды, / Айылга айдап барганда, / Ойноо балдар ташка алды. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Айласы кеткенде кыйылып туруп, кемпир ары карап ыйлап, бери карап күлүп, кызын бир карап, күйөөсүн бир карап туруп араң берди. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →