арачы
- Эки тараптын ортосуна түшүп элдештирүү, бири-бирине жакындаштыруу, кошуу милдетин аткаруу.
- Арага түшкөн киши.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Жедигер эли дегенде, / Оштоно сүйлөп Бактыбай, / Өтө болуп көөнү жай: / — Ким да болсоң, арачым, / Каракөзгө айтып бар, / Куру кетпей угуп кет, / Менин атым Бактыбай.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Эми келип туруптур, / Качты кулум уккун, деп, / Буйрук кылдың, Кубатай, / Шоорук ханды туткун, деп, / Чабышып жүрсөк экөөбүз, / Чигитей болду арачы, / Кишиде сырттан неме экен, / Ал Манастын баласы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
…тчу эле, / Ой тоосунда биздин мал, / Маңгыттардын Бадыкөл, / Баардык элге таанымал, / Ушул маңгыт оолугуп, / Айдатып бизден жылкы алган, / Аркасынан жылкынын / Арачы болуп мен барсам, / Айтпаган кеби калбаган: / — Бош кыламын жериң, — дейт / Бошотомун белиң, — дейт, / Түгөнбөгөн кебим бар, / Түрк уулунда менин, дейт / Ара ж…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Деп арачы кишини, / Айабай сабап уруптур, / Оозундагы тиштерин, / Ат тиш менен жулуптур.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Күбөөчү нечени, / Арачы болду чечени, / Нике кыйып баш байлап, / Эрди катын болуучу.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →