арачала

китептерде 7 жолу, 4 китепте
  1. Урушкан, кармашкан кишилерди ажыратуу, уруштурбай бөлүп жиберүү.
  2. Кандайдыр бир кырсыктан, кесепеттен ажыратып, куткарып калуу, аман калышына себеп болуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

— деп, / Буйрук кылды Калдык хан, / Адамдын кулак-мурдунан, / Тумар кылып тагынган, / Желдеттер келди жаланып, / Арачалап койор деп, / Жал-жал этип Каракөз, / Жан-жагына каранып: / — Итчилик менден өттү — деп, / Кесер болсоң баш мына, / Төгөөр болсоң кан мына, / Алаар болсоң жан м… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Тердебестен жеме угуп, / Кожен копту оолугуп, / Кожен менен тердебес, / Койо бер деп жулунуп, / Арачалап ал келбей, / Калгандары чогулуп, / Тапан ханга бул кабар, / Кулакка түштү угулуп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Акун хан жакшы киши эле, / Тоодой Толтой баатырдын, / Ойуна ушул түштү эле: / “Арачалап койор — деп, / Алы келсе сурар — деп, / Сураганга бербесе, / Сөөгүмдү жууп көмөр” — деп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
Ошентип кыш-күрөө кирип келгендиктен, ар ким өз башын арачалап, куу жанды куткарар бир тешик издеп, алда качан сызган. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Жөн өлтүрсө да бирдеме, кескилеп, кыйнап өлтүрсө арачалап коё турган ким? Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →