арасында
- Ортолорунда, катарында, жандарында, ичинде.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Жетимиш менен сексендин, / Арасында жашыңар, / Аркада элге ээ болуп, / Оорукта хандар, жатыңар.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
…ей, / Андан кийин жолго сал, / Өлтүрбөй туруп бу кулду, / Жер каздырып орго сал, / Алып барып шаарыңа, / Жетимиш темир торго сал, / Айттырып каңгай, кытайга, / Арасында таңгыт бар, / Ошол элден соога ал, / Андан кийин бу кулдун, / Анан башын кесе сал!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Ат ойнотуп Кесилет, / Арасында он миң бар, / Кумурскадай быжырап, / Кара курттай кыжырап, / Каптап кетти коросон, / Эчтекени элебей, / Эрениң бара жатканда, / Оролуп түштү отуз тор, / Капташып калды мынча тор.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
…н бойунда, / Өрдөк, чүрөк, кайырма, / Аралашкан соно бар, / Салынып келген деңизге, / Сандуба деген жер ошо; / Калкайып кара көрүнгөн, / Карачайдын кени ошо; / Арасында саргарган, / Алтын менен күмүштү, / Казып жаткан эл ошо; / Каарына алса чоң Туңша, / Каптап келээр сел ошо; / Катар-катар тамы бар, / Сейрек тарткан багы бар, …
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
Эки тоонун арасында, сайдын боюндагы жети-сегиз түтүн Кызайдын айлына кеч курун суукта келип, жүк түшүрүп жатсак айылдын катын балдары бизге таңыркагандай жабалактап чыгып, карап турушту.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →