арамзаада
- Түбүнөн арамза, ой-пикири түз эмес.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Түбү хандын тукуму, / Бойунда тоодой талабы, / Асыл менен курбалдаш, / Хан Калдыкты салалы, / Деп Атынек айтканда, / Арамзаада Көкбөрү, / Ичинде ойлоп акыл, деп, / Айтканы жок, макул, деп, / Акырайа бир тиктеп, / Калжырабай нары тур, деп, / Өрттөй көзү кызарып, / Өпкөдөй бети бышаарып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Сынган колун карабай, / Кылча жанын айабай, / Кылчылдашып урушуп, / Алымсарык ат койуп, / Айалдабай бат койуп, / Эренден экөө болгондо, / Арамзаада Суумерген, / Кайра качты жалт койуп, / Акым, Шакым аскери, / Келатышкан ат койуп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
…өлүп бергенче, / Качыра түшүп тап берип, / Күн кеч кирип калыптыр, / Топ аралап кирейин, / Көз байланган бүрүлдө, / Качып жолго жөнөйүн” / Акыл ойлоп алганы, / Арамзаада түгөнгүр, / Кез керип найза чунайтып, / Кездемдин боосун чубалтып, / Тик качырып жөнөдү.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Калың Какан аркасы, / Алоокенин калчасы, / Арамзаада айланын, / Ичинде бар канчасы, / «Калча, калча» дей бердик, / Калча деген кайсы кеп, / Калайык түбүн байкачы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
…лүгү чогулуп, / Кыйал мас болуп күлүңдөп, / Жаш арстан Сейити, / Жан айабай кылчалык, / Кылдың кызмат бизге деп, / Ыраазылык билдирип, / Арамдык бүгүп ичине, / Арамзаада Сулаймат, / Актыгы жок кичине, / Кайгыдан кызыл кан өтүп, / Тамак ичпей уу ичип, / Кара күчкө каткырып, / Хан Сулаймат кеп айтып: / — Кадырлап балам Сейити, / …
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →