арамза
- Арам ойлуу, ичи бузук, ниети түз эмес.
- Анткорлук, кытмыр ойлуулук, сыртынан ниети дурус сыяктуу көрүнгөн менен ичинен арам ниетте болуучулук.
- өт. Жалкоо.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…, / Кара дөө менен көк күмбөз, / Адамдын алы түк келбес, / Карадөө каны чачылды, / Сыйкырлуу күмбөз ачылды, / Жан жүрбөстөн Кызылкум, / Адамы жок, суусу жок, / Арамзада Сулаймат / Азгырып жолго салганда, / Жетик калча баш болуп, / Жети дөөнүн тукуму, / Жете келип асылды, / Жетик туулган эр Сейит, / Качан андан шашылды?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
…, / Дабытай турат бакырып: / — Торчуң торуң таштагын, / Найза сайар качпагын, / Чокморлуу чапкын чокуга, / Мергендин баары чогулуп, / Чыгып тургун чет жакка, / Арамзада Кененим, / Жылыштап чыкса чет жакка, / Жыдыманды житирип, / Чечекейге аткыла!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Куу өрдөктү алганда, / Карып калды өрдөк деп, / Арамзада Коңурбай, / Бир балапан өрдөктү, / Кошо багып жүрүүчү.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Арамзада желмогуз, / Артынан Сейит түшкөндө, / Айланып кайра бармакчы, / Чойтолоң менен Тазкара, / Башын кесип алмакчы, / “Кечээ берип мөөнөттү, / Бүгүн кууп жүрөмбү?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Ак жери жок кылайган, / Арамзада, ал чоро.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →