арамдык
- Кара ниеттик, арам ойлуулук, бузукулук, ак санабоочулук.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
майлады, / Аны менен тим болбой, / Амырдын агын бойунда, / Семетейди Коңурбай, / Чакыртып алып барганы, / Элинен эл ким келди деп, / Эрдемсип колун салганы, / Арамдык менен иш акпай, / Коңурбай өлүп калганы, / Сен кептенип кангайлык, / Айылыңа тепсеп ким барды?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Атайлап Көкөй кат жазып, / Таласка киши жиберген: / “Бир кызым бар меники, / Чигитей, болсун сеники, / Көөнүндө кири арылсын, / Арамдык күтпөй эрдики.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Арамдык кылган оңолбос, / Акырында соо болбос, / Айтканын танып коржоңдоп, / Мурадил өлдү Казанда, / Нескара өлдү Сайрамда, / Уушаң өлдү Нарында, / Такыр баарың жем болдуң, / Кузгун менен кажырга!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Эки көзүн Алмамбет, / Эки имерип тиктесе, / Арамдык жок Күдүктө, / Келгендей турат бир ишке.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Арамдыкты көөнүнө, / Түйүп келди, Канчоро.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →