аралык

китептерде 11 жолу, 5 китепте
  1. Эки ортодогу алыстык, эки нерсенин ортосу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…аман атка калбаска, / Кыргызга киши жиберип, / Урушта өлгөн эрлердин, / Бодоң баштап хандарды, / Андан башка калганды, / Кабар айтып угузуп: / “Үч айлык болсун аралык, / Анан уруш салалык. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
…он чалбаган, / Телкызылын чулгутуп, / Сыргак кетти бургутуп, / Жолборс Сыргак баратат, / Болушунча камчылап, / Алдындагы Телкызыл, / Борбуйдан тери тамчылап, / Аралык алыс көп күндүк, / Ээр белес кез болсо, / Эргитип ашып баратат, / Түзүк жерде чуу койсо, / Аркасында чаң калат. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Кыз Кылжыке акыл таап: / “Көкбука менен Жетилбай, / Кете элек алыска, / Кыйын басса бир айлык, / Жол баскандыр аралык, / Мингеним болсо Кылжейрен, / Бир айлык жол канчалык. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
Кеген менен Каркыранын аралыгында бир мелтиреген жазыкта жүрүп келебиз. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
"Эмне болду экен?"-деп карай калса, бет маңдайында эки-үч кадам аралыкта эгинден да бийигирээк болгон жылан куйругу менен тикесинен турат. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →