аралжы
- Арачы, ортого түшүүчү: Жакшы мал жанга аралжы (макал).
- Белгилүү бир натыйжанын, абалдын болуш себеби.
- Убактынча, мүмкүн болгонунча бир нерсенин ордуна жүрө алгандык, ошого тете болгондук, жарагандык.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Он эки миң аскериң, / Аралжы болот дебегин, / Азабың колго берейин, / Атбашыга темтейип, / Ажалың айдап келгениң, / Батасы журтту байыткан, / Падыша Кошой турган жер, / Үч ата болдук бузул…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Манас да алып ойуна: / “Атасына баласы / Аралжы болуп барабы?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →