аралашма

китептерде 2 жолу
  1. Эки же андан көп нерсени аралаштырып жасалган, эки же андан көп нерсенин кошулмасынан турган.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…, / Арасы болот темирден, / Сээри учуруп турсун, деп, / Алтындан кошуп септирем, / Чапса кылыч кесе албайт, / Сайса найза теше албайт, / Отко салса түтөбөйт, / Аралашма болгондо, / Анык сырын мен билем, / Бараңдын огу бата албайт, / Жебенин огу жете албайт, / Жалаң кабат жеңил тон, / Ак олпокту кийдирем, / Керек болчу темирди,… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Муну мындай таштайлы, / Ажаттын суусу бойунда, / Аралашма уруштун, / Абалынан баштайлы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →