аралаш1

китептерде 260 жолу, 10 китепте аралаш 2 →
  1. Аралашмасы бар, бир кылка эмес, биригип кеткен.
  2. Кошо, чогуу, бирге.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Кужурап барат келгендер, / Үйүнө кетип баратып: / — Кандай болгон жумуш бу, / Акыл-нуска аралаш, / Керээз өңдүү кеп айтып? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Өгүз минип өпөйүп, / Өлөсөлүү чал келет, / Карысы бар, жашы бар, / Катын- эркек аралаш, / Калбай баары бүт келет. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
Караганга жарабай, / Айбаты тайып жүдөшүп, / Үйрөткөн пилин жиберди, / Көрсөтүп эрен Сыргакты, / Тебелеп аны кел, дешип, / Тумшугунун учунда, / Коргошун, коло аралаш, / Орнотуп койгон чойун баш, / Томураңдап пил келет, / Дүк-дүк желип далбаңдап, / Тумшугу анын булаңдап, / Пилди көрүп эр Сыргак: / “Адам эмес айбандан, / Качы… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Кайыпчал кызы Көкмончок, / Көк көгүчкөн кеп кийип, / Көп окуп сыйкыр жат билип, / Кырк кыз алып жанына, / Тамаша кылып жүрүүчү, / Пенде менен перинин, / Аралашып баарына. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Аралашкан аскерлер, / Ылайыгын караша, / Бирине бири беттешип, / Жабдыгына жараша. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →