арала
- Арасында, ичинде жүрүү, кыдыруу.
- Арасында бирин-сериндеп бар болуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Кытайдан чыгып таарынып, / Аралаган алашты, / Чендеп келген Манасты, / Бейжинге Манас кул салды, / Ошол Алмамбет баатыр жол ачты, / Арбагы колдоп Манастын, / Эмгиче кыргыз келатты, / Канчоро чыгы…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Медеркандын айылы, деп, / Ойунда жок жигиттей, / Тоскон Көкөй болучу, / Түк кишиге билгизбей, / Аралап эми келгенде, / Аттан жулуп алышты, / Таманын жерге тийгизбей.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Каптап келген отузду, / Имерип тийди Кененим, / Чокморлууга чаптырбай, / Найзалууга кактырбай, / Аралап өтө бергенде, / Найзакерден экини, / Чокморлуудан бешөөнү, / Томолотуп өттү эле, / Мен- мен деген жетөөнү, / Жыйырма үч балбан илегер, / Баары мыкты кеменгер, …
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Чубак, Сыргак бой уруп, / Аралап кирди көп элге, / Адам аккан бул селге, / Торун топтоп кармашып, / Тобу менен жармашып, / Эр Сыргакка он миңи, / Тегеректеп тор салып, / Канча тордун ичинде, / Сыргак калды капталып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Адашып кеткен Сейитек, / Атанын тапты конушун, / Аралап келди жер көрүп, / Жетитөрдүн баарысын.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →