арал

китептерде 116 жолу, 10 китепте
  1. Деңиздин, океандын, көлдүн орто жеринен орун алган, бардык тарабы суу менен курчалган кургак жер.
  2. Суунун, өзөндүн эки бөлүнүп же тарам-тарам болуп кеткен жериндеги ортодо калган кургак жер.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Жапандан алат жасоолду, / Аралдан алат адамды, / Ар кайдан табат андайды, / Аралап кирип четиңден, / Айабай бүлүк салбайбы, / А, көрөкчө бурутту, / Койбой талап алалы, / Капка тигип жанайлы, / Коктукат алып баралы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
…улугуп ичин муң алып, / Айлана курчап жоо алып, / Асман тиреп заңкайган, / Үстүндө Алтай тоо алып, / Айагы жагы сыр койук, / Адамы жүргүс чөл алып, / Орто жери Арал көл, / Каз кечпеген көл алып, / Жүрөгү күйүп жалындап, / Кыз торгойдун нуру алып, / Кайратка толду жаш баатыр, / Айлана курчап кол түштү, / Каңгайдан келген бе… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Карыган Жоодар чалына, / Сур атты ага карматты, / — Ага Жоодар, кулак сал, / Унутуп калбай кебимди ал, / Башка хандан көбүрөөк, / Саа караштуу жерлериң, / Баарысынан кабар ал, / Жеркен, Котен, Лопнур бар, / Азык, Арал, Кум дайра, / Ээлик кылгын буларга, / Улуктарын үч жылда, / Бирден оодар тил алсаң. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Үч Каркыра, Алматы, / Иле, Текес, Күнөстүк, / Алтай, Чойчок, Аралтоо, / Баркөл, Манас, Бешбалык, / Турпан, Камбыл кыргыздын, / Булардын күнү не болду? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Ошол кезде Урманбет Аралдан аркыратып келет да, топтун үстүнөн чыгып көсөгөндөй барып, Ыбыке болуштун атын тала-шат. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →